Бишкектин Октябрь райондук сотунда бүгүн Карганбек Самаковдун соту уланды.
Күбө катары 2006-2013-жылдары Аламүдүн районунун башкы архитектору болуп иштеген Сүйүнбай Арабеков сурак берди. Ал жер комиссиясынын мүчөсү болгонун, документтерге кол койгонун, башкы пландын жоктугун эскертүү катары белгилегенин, бирок мыйзам боюнча бул жагдай трансформацияга тоскоолдук болбосун айтты. Арабековдун белгилешинче, Башкы прокуратуранын тергөөчүсү Жеңиш Сейитов ага басым жасап, иш козгогондуктан ал жасабаган кылмышты моюнуна алууга мажбур болгон.
Дагы бир күбө, айыл чарба министринин мурдагы орун басары Дыйканбай Кенжебаев мамлекет жеке менчиктеги жер ээлерине пайдалануу жагынан буйрук берүүгө укугу жок экенин айтты.
Ал эми Жогорку Кеңештин кызматкери Аида Тойкеева кылмыш иш чегинде айыпталып жаткан таанышы Абай Таштанбековдун өтүнүчү менен 9 гектар жерди өзүнө жаздырганын, себеби айыл жергесинде каттоосу бар болгонун, бул жерде мыйзам бузуу болбогонун билдирди.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаков жана дагы бир топ адамга карата кылмыш иш былтыр 14-майда козголгон. Алар Чүйдүн Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айылдарында жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялаган деп айыпталууда.
Карганбек Самаков иши каралып бүткөнчө өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил кат жазып берген. Ал айыпсыз экенин айтып келатат. (RK)