Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:36

Стамбулдагы кол салууга байланыштуу АКШ жана Түркия президенттери телефондон сүйлөштү


Барак Обама менен Режеп Тайып Эрдоган
Барак Обама менен Режеп Тайып Эрдоган

Ак үйдүн өкүлү билдиргендей, Барак Обама 29-июндагы телефон сүйлөшүүсүндө Режеп Тайып Эрдоганга анын өлкөсү иликтөө иштерин жүргүзүүдө жана коопсуздукту мындан ары бекемдөөдө АКШдан түркиялыктарга пайдалуу кандай колдоо талап кылынса, ала алышарын айткан.

Президент Режеп Тайып Эрдоган болсо өз кезегинде Стамбулдагы кол салуу терроризмге каршы глобалдык күрөштөгү бурулуш учур болушу керектигин белгилеген.

Мурдараак Стамбулдун губернатору билдиргендей, жанкечтилердин кечээги кол салуусунан мерт болгондор саны 41ди түздү. Мындан тышкары 239 киши жаракат алды.

Алардын ичинен оор жаракат алган 41 адам Стамбулдун ооруканаларынын реанимация бөлүмдөрүндө жатат. Жеңил жараат алган 109 киши ооруканадан чыгарылды. Жеңил жараат алгандардын арасында Кыргызстандын да бир жараны бар.

Өлгөндөрдүн 12 чет элдик, үчөө кош жарандыгы барлар экени аныкталды.

Премьер - министр Бинали Ыйылдырым 29-июнда аэропортто аба каттамдардын баары калыбына келгенин билдирди.

Йылдырымдын айтымында, бийликтер кол салууну эң биринчи кезекте “Ислам мамлекети” тобунан көрүүдө:

- Биздин коопсуздук күчтөрдүн тыянактары теракты Даиш жасаганын көргөзүүдө. Бул жыйынтыкка карабай, иликтөө уланып жатат.

Үч жанкечти кечээ кечинде Ататүрк аэропортунун жүргүчүнчүлөр келип түшкөн терминалында өзүн жардырардан мурда автоматтык куралдан ок ачышкан.

Былтыртан бери Түркиянын эки ири шаары: Анкара менен Стамбулда бир нече жардыруу болду.

Алардын ичинен түрк коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрүнө каршы багытталган кол салуулар үчүн күрт согушкерлери жоопкерчилик алган. (UE)

XS
SM
MD
LG