Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:08

"Оскар" cыйлыгын тапшырган Киноакадемиянын курамы өзгөрдү


Америкалык “Оскар” сыйлыгын тапшырган киноакадемияда кара тору актерлордун саны көбөйдү. Киноакадемия муну менен февралдагы чатакка жооп кайтарды. Ал кезде сыйлыкка талапкерлердин катарында кара тору актерлор жок деген сын айтылган болчу. Буга байланыштуу “Оскар” сыйлыгын тапшырууга бойкот жарыялоо чакырыктары да ташталган.

Киноакадемия азыр өз катарына мүчөлүккө 683 адамды чакырганын, анын 46 пайызы аялдар жана 41 пайызы этностук, расалык азчылыктын өкүлдөрү экенин жарыялады. Жаңы тандалып алынгандардын катарына кара тору британиялыктар - Идрис Эльба менен Жон Бойега кошулду. Эң абройлуу делген “Оскар” сыйлыгы жыл сайын АКШнын кинематография, искусство жана илим академиясы тарабынан ыйгарылат.

XS
SM
MD
LG