Эгер парламент телеберүүлөрдүн тил саясаты боюнча сунушталып жаткан демилгени колдобосо анда депутат Рыспаевдин мыйзам долбоорунун кереги эмне? Мындай суроону бүгүн парламентте "Республика Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов койду:
- Биз социал-демократтардын, Кожобек Рыспаевдин "чет өлкөлүктөр телевидениеде 65% болбосун" деген сунушун колдодук. Эми 50% кыргыз тилинде болуш керек дегенди колдобой койсок анда Рыспаевдин мыйзамы бизге эмне кереги бар?
КСДПдан депутаттар Жылдыз Мусабекова менен Жанар Акаевдин айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү тууралуу долбоору бүгүн парламентте каралмак. Бирок анда айрым тактай турган жерлер бар болууда деген негизде маселени күн тартибинен алуу сунушталды. Демилгечилердин айтымында, тил маселесинен тышкары ал жакта лицензия алууга байланыштуу айрым так эместиктер бар экени аныкталган.
Кожобек Рыспаев баштаган депутаттар тобу ушул айдын башында маалыматтык коопсуздукту коргоо максатында деген негизде ЖМК мыйзамын өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгып, ал биринчи окууда кабыл алынды. Эгер мыйзам ишке кирсе ЖМК негиздөө жана каржылоого чектөө киргизилет. (RK)