Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:38

Нарындын архитектура башчысы кылмышка шектелүүдө


Нарын облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетекчиси кылмышка шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Облустук прокуратура ага карата Кылмыш кодексинин 304-беренесинин (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иш козгоду.

Тергөөнүн версиясына караганда, Нарын мэриясы жергиликтүү тургунга 3 сотка жерди жеңил конструкция орнотууга бөлүп берген. Бирок архитектура башкармалыгы капиталдык курулушка уруксат берип койгон.

Бүгүн ошондой эле Бишкек шаардык архитектура жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлерине карата да кылмыш иш козголгону маалым болду. Алар 7-кичи райондо мыйзамсыз курулушка уруксат берген деп айыпталууда. (RK)

XS
SM
MD
LG