Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

КУУдагы чырды депутаттык комиссия териштирет


Кыргыз улуттук университетинде түзүлгөн кырдаалга байланыштуу депутаттык комиссия түзүлөт. Бул тууралуу бүгүн "Республика Ата-Журттан" депутат Аида Исмаилова билдирди.

Ал КСДПдан депутаттар Альфия Смагуллина жана Евгения Строкова менен бирге бүгүн КУУга барып, нааразы тараптын айткандарын укту.

- Каникулга кеткенибизге карабастан иштей беребиз. Эки тараптын тең дооматын угуп, териштиребиз, - деди Исмаилова.

Кечээтен бери КУУнун 50 чакты кызматкери ректорго жана администрацияга нааразы болуп окуу жайдын, Билим жана илим министрлигинин алдында акция өткөрүп жатат. Алар окутуучуларды тандоо акыйкатсыз өткөнүн айтууда.

Университеттин жетекчилиги азырынча өз позициясын билдире элек. (RK)

XS
SM
MD
LG