Түптө жылан чагып алган өспүрүмдүн абалы жакшы. "Азаттыкка" райондук ооруканадан кабарлашкандай, кечээ Балбай айылынын тургуну, 16 жаштагы Азим Исраиловду үйүнүн жанынан жылан чагып кеткен.
Учурда ал райондук оорукананын терапия бөлүмүндө дарыланууда. Доктурлар баланын канын атайын медициналык каражаттар менен тазалап чыгышкан. (AsM)