Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:07

Жарандык алуу боюнча кыргыз-тажик келишими жокко чыгарылды


Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасынын спикери Шүкүржон Зухуров.
Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасынын спикери Шүкүржон Зухуров.

Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы 30-июнда көпчүлүк добуш менен Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы “Жарандыкты жөнөкөйлөштүрүлгөн жол менен алуу” тууралуу макулдашууну жокко чыгарды.

Палатанын спикери, Шүкүржон Зухуров бул макулдашуу чек ара маселелеринде ар кандай талаш-тартыш, түшүнбөстүктү жаратышы мүмкүндүгүн эскертип, тажик өкмөтү бул келишимди бир тараптуу жокко чыгарууну сунуштаганын айтты.

Эки өлкө ортосундагы жарандык алууну жөнөкөйлөштүрүү боюнча келишимге Душанбеде 2004-жылдын 26-майында кол коюлган.

Душанбенин мындай чечимине кыргыз жарандыгын алган тажикстандыктардын санынын өсүшү себеп болду. Жакында эле Лахш районунун бийлиги тажик армиясында кызмат өтөөдөн качкан 1200 жигит Кыргызстандын жарандыгын алып алганын маалымдалган.

XS
SM
MD
LG