Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:01

Кабулдагы жардырууда 30тай курсант набыт болду


Жарадарлардын саны 40тан ашты.
Жарадарлардын саны 40тан ашты.

Ооганстандын башкалаасы Кабулдун батыш тарабында жанкечтинин жардыруусунан кеминде 30дай адам набыт болду. Жарадарлардын саны 40тан ашты. Бомба полиция академиясынын 200дөй бүтүрүүчүлөрү бараткан автокербенге багытталган. Жергиликтүү бийликтин маалымдашынча, автокербен бараткан жолдо эки жардыруу болгон. Анын бирин жанкечти жасаган. Теракт үчүн талиптер жоопкерчилик алышты.

Мындан бир апта мурда Кабулда автобуста чабуул жасалып, 14 адам мерт кеткен. Андагы теракт Канаданын элчилигин кайтарган непалдыктар бараткан автоунаага багытталган.

XS
SM
MD
LG