Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:20

Орусия: камактагы Белых ачкачылык жарыялады


Камактагы Киров облусунун губернатору Никита Белых жана Орусиянын президенти Владимир Путин, 2014-жыл.
Камактагы Киров облусунун губернатору Никита Белых жана Орусиянын президенти Владимир Путин, 2014-жыл.

Пара алды деген шек менен камакка алынган Киров облусунун губернатору Никита Белых ачкачылык жарыялады.

Бул тууралуу анын адвокаты Вадим Прохоров билдирди. Адвокаттын айтымында, "Лефортово” убактылуу кармоочу жайда Белых өзүнө коюлган айыпка каршылыгын билдирип, ачкачылык акциясын баштады. Белых ошондой эле экинчи адвокаты Ольга Михайлова жана үй-бүлөсү менен байланыштырууну талап кылууда.

Мурдараак шаршембиде, Киров облусунун экс-губернаторунун агасы Александр Белых өз ыктыяры кызматынан кеткени маалым болду. Ал буга чейин Башкы прокуратуранын Приволжск федералдык аймагы боюнча башкармалыгынын жетекчиси эле.

Никита Белых ага коюлган айыптарды четке кагып, чагымчылдыктын курмандыгына айланып калганын айтып келет.

XS
SM
MD
LG