Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:22

Түркия: теракттарга катышы бар делген 13 адам кармалды


Аэропорттогу калаба 42 кишинин өмүрүн алды
Аэропорттогу калаба 42 кишинин өмүрүн алды

Стамбулдагы Ататүрк аэропортунда болгон жардырууларга катышы бар деген шек менен түрк полцииясы 13 адамды камакка алды. Алардын үчөө чет элдиктер экени маалым болду. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазышынча, полиция бейшембиде Стамбулдун 16 районунда рейд жүргүзгөн.

Буга чейин, түрк бийликтери жардыруунун артында “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу турушу мүмкүндүгүн боолгологон.

28-июнда кечке маал эл аралык Ататүрк аба-майданында болгон жанкечтилердин чабуулунан 42 адам мерт кетип, 230тан ашууну жарадар болду.

Рейтер агенттиги жана бир катар маалымат каражаттары жанкечтилер чет элдиктер экенин жазышты. Азырынча бул маалыматты расмий бийлик ырастай элек.

XS
SM
MD
LG