Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Атамбаев: Башыбыздан өткөн кырсыктар алдын алууну жакшыртуу зарылдыгын көрсөттү


Акыркы жылдары Кыргызстан башынан кечирген өзгөчө кырдаалдар заманбап каражаттарды колдонуу менен ар кандай жаратылыш жана техногендик кырсыктарды алдын алуу системасын өнүктүрүү, кесипкөй адистерди даярдоо ыкмаларын жакшыртуу зарыл экендигин көрсөттү. Бул тууралуу бүгүн мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев куткаруучулардын кесиптик күнүнө карата жолдогон куттуктоосунда айтты.

"Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин шашылыш кызматтарынын мобилдүүлүгүн жогорулатуу зарыл. Жергиликтүү бийлик органдары жана мамлекеттик органдар менен кыйла так жана тыгыз өз ара аракеттенүү керек" деди президент.

Ошону менен катар Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери көптөгөн куткаруу, ар кандай кырсыктардын кесепеттерин жоюу, калыбына келтирүү иштерине жана гуманитардык акцияларга катышып, миңдеген адамдардын өмүрүн сактап калышканын белгилеген президент мамлекет күч түзүмдөрүнүн, анын ичинде ӨКМ кызматкерлерин социалдык коргоону жакшыртуу боюнча акыркы жылдары башталган ишти уланта берерин убада кылды. (RK)

XS
SM
MD
LG