Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:42

Орусияда балдар омбудсмени кызматтан кеткени кабарланууда


Павел Астахов
Павел Астахов

Орусияда балдар укуктары боюнча ыйгарымдуу өкүл кызматынан кеткени кабарланууда. Буга чейин да бир топ талаштуу сөздөрү менен белгилүү болгон Павел Астахов Карелиядагы трагедияда аман калган балдар менен жолугушуп жатып, “кана, сууга жакшы сүздүңөрбү?” - деп сураган. Балдар омбудсмени ошондой эле орусиялык жеткинчектерди чет өлкөлүк жарандар тарабынан асыроо маселеси боюнча Москва менен Вашингтондун тирешүүсүнүн чордонунда болуп келген.

Бирок Кремл же Астаховдун кеңсеси анын отставкасы тууралуу маалыматты бышыктай элек.

“Коммерсант” басылмасы Астахов Тышкы иштер министрлигинде болгон жыйындан кийин президент Владимир Путин менен жолугушууда чыгып кеткенин жазды.

XS
SM
MD
LG