Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:08

Ош - Тамчы туристтик авиакаттамы ачылды


Бүгүн 1-июлда Ош-Тамчы авиакаттамы расмий түрдө ачылды. Алгачкы рейс Ысык-Көл жээгиндеги Тамчы айылындагы "Ысык-Көл" аэропортуна Ош эл аралык аэропортунан саат 9:40та учуп кетти.

Бүгүнкү учуу акысыз уюштурулуп, Ош шаарынан 72 жүргүнчү жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Тамчыга жөнөп кетишкенин "Азаттыкка" "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат катчысы Сахиба Кадырова кабарлады:

- Былтыр каттам биринчи жолу ачылган. Быйыл да 2 ай болот. Туристтик сезон бүткөнчө жумасына 2 жолу рейстер каттап турмакчы. Билет баасы 2100-2800 сом. Былтыр жүргүнчү көптүгүнөн билет баасы 6 миң сомго чейин жеткен учурлар болгон.

Ош-Тамчы-Ош каттамына чыгуучу учак “Тез Жет” авиакомпаниясына таандык. (RK)

XS
SM
MD
LG