Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:54

ЖК төрагасы: Муктаж депутаттарга кызматтык батир керек


Алыскы аймактардан шайланып келген, үй сатып алууга чамасы жок депутаттарга Бишкектен кызматтык үй берүү туура тажрыйба. Мындай көз карашын бүгүн сессия жыйынтыгы боюнча уюштурулган пресс-конференцияда Жогорку Кеңеш төрагасы Чыныбай Турсунбеков билдирди:

- Бирден жардамчы, кызматтык машинадан баш тарттык, билесиңер. Жогорку Кеңеште жалаң үй-жайы бар байлар иштебейт да. Бар турган нерсени пайдаланбай, алардын шартын жамандатып иштеткенден көрө шартын жакшыртуудан өтөр нерсе жок да.

Бүгүнтөн тарта жайкы каникулга кеткен Жогоргу Кеңештин азыркы курамы былтыр күзүндө шайланып келген. Шайлоо алдында алардын көбү депутаттык артыкчылыктардан баш тартуу убадасын берген.

Жакында кызматтык үйдөн да баш тартуу демилгеси көпчүлүктүн колдоосун ала албай калган.

120 депутаттын 13ү учурда Бишкекте депутаттар үчүн курулган кабат үйдө жашайт. (RK)

XS
SM
MD
LG