Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:29

Орусиялык жөө күлүк Степанова Олимп оюндарына катышат


Юлия Степанова.
Юлия Степанова.

Орусиялык жөө күлүк Юлия Степанова Европа чемпионатына жана Рио-де-Жанейродогу Олимп оюндарына катыша алат. Мындай чечим Жеңил атлетика федерацияларынын Эл аралык ассоциациясы тарабынан кабыл алынды.

Спортчу бирок орусиялык эмес олимпиадалык желектин астында ат салышмакчы.

Ушундай эле уруксат сурап, ассоциацияга орусиялык дагы 80дөй атлет кайрылган. Буга чейин Степанованы оюндарга катыштырууну Допингге каршы эл аралык агенттик өтүнүп, спортчу жана күйөөсү Орусияда допинг эрежелерин бузуу фактыларын ачыкка чыгарууда маанилүү маалымат берип келишкенин белгилеген. Германиялык ARD телеканалынан чыккан даректүү тасма дал ушул жубайлардын көрсөтмөлөрүнө негизделген.

Эсиңиздерге сала кетсек, допинг жаңжалынан улам орусиялык жеңил атлетчилер Рио-де-Жанейродогу Олимп оюндарынан четтетилген.

XS
SM
MD
LG