АКШда "Тесла" электромобили адам өмүрү кыйылган кырсыкка учурагандан кийин иликтөө башталды. Унаа 7-майда Флоридада автопилотто бараткан кезде жүк ташыган оор машине оң тараптан солго бурулуп жатканда сүзүшүп кеткен. Бул тууралуу "Тесла Моторс" 30-июнда билдирди.
Тиешелүү органдар кырсык болгон учурда колдонулган конструкцияны жана системанын ишин текшеришмекчи. Буга чейинки сыноолор маалында кырсыктар катталган эмес. Иликтөө 25 машиненин кайтарылышына алып келиши ыктымал.
Тергөө жөнүндө маалымат тарагандан кийин "Тесланын" биржадагы көрсөткүчтөрү 3 пайызга арзандап кетти.