Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:00

Боомдо жол кыймылы калыбына келди


Сурөт "Турмуш" сайтынан алынды
Сурөт "Турмуш" сайтынан алынды

Бишкектен Ысык-Көлгө барчу жолдун сел каптаган тилкесинде кыймыл калыбына келтирилди. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ички иштер министрлигинин өкүлү Тилек Оторов билдирди.

Оторовдун айтымында, бүгүн нөшөр жаандын айынан автотрассанын Боом капчыгайынын четиндеги, Балыкчы шаарына жакын тилкесинде жол боюндагы коктулардан агып түшкөн сел суусу трассаны каптаган:

- Бир жакты көздөй жол жабылып, автоунаалар эки бөлүктүн бир жагы менен гана өтүп калышкан. Тиешелүү кызматтар жана патрулдук милиция иштеп, азыр кыймыл калыбына келди. Суу токтоду.

Маалыматка караганда, окуя трассанын 145-147-чакырымында болгон.

Жабыркагандар жана автокырсыктар катталган жок. (RK)

XS
SM
MD
LG