Стамбул полициясы “Ислам мамлекети” радикал уюмуна катыштыгы бар деп шектелген дагы 11 чет өлкөлүк жаранды камакка алды. Haberturk телекомпаниясы маалымдагандай, алар "Ататүрк" аэропортундагы терактты ишке ашырган жанкечтилер менен байланышта болчу деп болжолдонууда.
Кечээ-бүгүн күч түзүмдөрүнүн рейддери учурунда шаарда бардыгы болуп 24 киши кармалды. Башка маалымат каражаттары да тараткан бул кабарды, арийне полиция өкүлү бышыктай алган жок.
28-июндагы кол салууда 44 кишинин өмүрү кыйылган, 230дан көбү жарадар болгон. Түрк бийликтери теракттын артында “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун согушкерлери турат деп эсептешет.