Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:00

Чек ара кызматы: Аксыда абал тынч


Иллюстрация
Иллюстрация

Мамлекеттик чек-аранын кыргыз-өзбек тилкесиндеги Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Сөгөт айылында абал туруктуу. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Чек ара кызматынын өкүлү Сажира Чоколоева билдирди:

- Айтылган тилкеде Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматынын эксперттеринин катышуусунда Кыргызстандын жана Өзбекстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу жүрүп, анда жогорудагы маселе талкууланууда. Аксы районунун Сөгөт жергеси такталган тилке болуп эсептелет, Өзбекстандын чек арачылары тарабынан мамлекеттик чек араны бузуу фактысы катталган эмес. Мамлекеттик чек аранын айтылган тилкеси штаттык режимде кайтарылууда, кырдаал Чек аранын кызматынын көзөмөлүндө.

Бугүн айрым маалымат булактары Аксынын Сөгөт айылында өзбек жарандары Кыргызстандын 2,5 гектар жерин басып алды деген маалымат таратышкан.

Район акими Медет Айдаралиев"Басып алды 2,5 гектарды деген сөздүн баары жалган. Кыргыздар чөп оруп алып пайдаланып жүргөн жер 47 сотых. Комиссия тактап жатат. Такталбаган жер катары биз оробуз-биз оробуз деген маселе чыккан экен" деп айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG