Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:04

Алай районунда сел жүрдү


Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Нурпазыл Кайыровдун “Азаттыкка” билдиришинче, 1-июль күнү күндүзгү саат үчтөр чамасында 15 мүнөт көнөктөп жааган жамгырдан кийин эле сел жүргөн.

Ал Терек жана Сопу-Коргон айылынын ортосундагы жолду каптап, ушул тапта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тазалоо иштери менен алектенүүдө. Сел Терек айылындагы төрт мал короого жана Сопу-Коргон айылындагы 20 жашылча-жемиш короолорун каптап, жууп кеткен.

Аталган эки айылда 1 миң 200 түтүн эл жашайт. Жергиликтүүлөр быйыл күн жылыганы аймакта сел байма-бай болуп жатканын билдирүүдө. (AzK)

XS
SM
MD
LG