Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:30

БУУнун Балдар укугу комитетине Кыргызстандан көрсөтүлгөн талапкер өткөн жок


Балдар укугун коргоо лигасынын төрайымы, укук коргоочу Назгүл Турдубекова
Балдар укугун коргоо лигасынын төрайымы, укук коргоочу Назгүл Турдубекова

30-июнда Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорктогу баш кеңсесинде Балдар укугу боюнча комитеттин мүчөлөрү шайланды. Комитетке Кыргызстан алгач ирет талапкер көрсөтүп, Балдар укугун коргоо лигасынын төрайымы, укук коргоочу Назгүл Турдубекова сунушталган. Жобонун шартына ылайык, кеминде 98 добуш алган талапкерлер аталган комитетке мүчө болуп шайланышты. Жалпы көрсөтүлгөн 17 талапкердин ичинен Турдубекова 86 добуш алып, комитетке өтө алган жок.

Бирок ал «Азаттыкка» бул окуянын Кыргызстан жана жергиликтүү укук коргоочулар үчүн мааниси чоң экенин белгиледи.

Аталган шайлоо ар төрт жылда өтүп турат. Бул ирет 2017-2020-жылдарда иштей турган комитет мүчөлөрү шайланышты. Назгүл Турдубекованын талапкерлигин мамлекеттик органдар жана Кыргызстандын БУУдагы өкүлчүлүгү көрсөткөн. (BCh)

XS
SM
MD
LG