Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:11

Орусиянын Иркутск облусунда Ил-76 учагынын кулаган жери аныкталды


Облустагы Качуг районунда жума күнү эртең менен жоголгон Ил-76 учагынын сыныктары табылды. Ал жерде иштеп жаткан куткаруучулардын айтымында, учак толугу менен күйүп кеткен, болгону анын куйругу эле калган. Учак түшкөн жерде токой күйүп жатат. Алдын ала маалыматтарга караганда, кулап, жарылган учактан улам айлана-тегеректи өрт каптаган. Экипаж мүчөлөрүнүн денелери табыла элек.

Учактын бортунда 10 киши болгон. Алар токойдогу өрттү өчүрүү менен алек болуп жаткан. Жума күнү учак экинчи ирет абага көтөрүлгөн соң байланыш үзүлүп калган.(AzK)

XS
SM
MD
LG