35 килограмм салмактагы кокаиндин партиясы түстүү таштар менен кооздолгон аттын башынын скульптурасына катылган. Анын болжолдуу баасы 10 миллион доллар турат. Операциянын жүрүшүндө эки мексикалык, бир америкалык жаран колго түшүрүлдү. Полициянын божомолунда баңги маңзат Крайстчерч шаарына жөнөтүлгөн. Ал жерде 2011-жылкы жер титирөөдөн кийин шаарды калыбына келтирүүгө жардам берип жаткан чет элдик ири бригада иштеп жатат. (AzK)