Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:15

Орусиянын Олимпиада комитети жеңил атлетчилер боюнча сотко арыз тапшырды


Орусиянын Олимпиада комитети орусиялык атлеттерди Рио де Жанейродогу оюндарга катыштырбоо боюнча чечимге макул эместигин билдирип, арыз берди. Мекеменин маалымат катчысы Константин Выборнов "Ассошейтед-пресс" агенттигине 3-июлда билдиргендей, Спорт боюнча Арбитраждык сот ишти 19-июлда карамакчы. Комитеттин юридикалык бөлүмүнүн жетекчиси Александра Бриллиантова ТАСС кабар агенттигине Орусия жеңсе, Олимпиадага катышуу арыздарын тапшыруунун мөөнөтү жылдырылаарын айтты.

Жеңил атлетика федерацияларынын Ассоциациясы өткөн ноябрда Допингге каршы эл аралык агенттик орусиялык атлетчилер арасында мамлекеттин колдоосу менен тыюу салынган заттарды колдонуу көрүнүшү кеңири жайылганынын далилдерин келтиргенден кийин Орусиянын мүчөлүгүн токтотуп койгон. Ошондой эле орусиялык жеңил атлетчилерге эмки айда башталып жаткан Рио оюндарына катышууга тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG