Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:46

Багдаддагы кош жардыруу жүздөн ашуун адамдын өмүрүн алды


Багдаддагы жардыруу.
Багдаддагы жардыруу.

3-июлдун кечинде Ирак баш калаасындагы жардыруулардан жүздөн ашуун адам мерт кетти. Айрым булактар набыт болгондор саны 119 экенин, кээ бирлери 130 экенин жазды. “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жоопкерчилик алган жарылуудан 150дөй адам жабыркады. Каза тапкандар арасында аялдар жана балдар көбүрөөк экени айтылууда.

Маалыматтарга караганда, алгач бомба жүктөлгөн унаа Ал-Каррада районундагы адамдар тамактанчу жерде жардырылган. Экинчи жарылуу шаардын түндүк тарабындагы Шааб районунда болгон.

АКШ мамлекеттик департаменти Ирак бийлигине көңүл айтып, окуяны зөөкүрлүк деп атады. (SE)

XS
SM
MD
LG