Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:55

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына кирери күтүлүүдө


АКШнын НАСА космосту изилдөө агенттиги.
АКШнын НАСА космосту изилдөө агенттиги.

Беш жыл мурун учурулган АКШнын космостук кемеси 4-июлда кечинде Юпитердин орбитасына кирери кабарланган. "Юнона" 20 айдын ичинде Юпитердин орбитасында 37 жолу айланып, Күн системасынын түзүлүшүн изилдөөгө алат. Юпитер - Күн системасындагы биринчи планета жана ал жарала баштагандагы газ жана башка материалдар ушул кезге чейин сакталган деп эсептелүүдө.

"Юнона" ошондой эле эң чоң планетанын гравитация жана магниттик талааларын изилдейт. 1,1 млрд. доллар турган "Юнона" жерден Юпитерге жетүү үчүн 2,8 млрд. чакырым аралыкты учуп өттү. Ал Юпитер булуттарына 5 миң чакырым жакындан учуп өтөт. Юпитерден Жерге радиосигнал келүү үчүн 50 минута талап кылынат. (AiT)

XS
SM
MD
LG