Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:39

АКШ сенаторлору Пакистандын уруулар жашаган регионуна барды


Түндүк Вазиристан
Түндүк Вазиристан

Курал боюнча комитет төрагасы Жон Маккейн баштаган Сенат делегациясы "аль-Каида" жана "Талибан" мекендеген Түндүк Вазиристанда 3-июлда болгон. Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин кабарлоосуна караганда, төрт кишиден турган Сенаттын делегациясы Пакистандын өкмөт башчысынын тышкы иштер боюнча башкы кеңешчиси Сартай Азиз менен жолугушуп, АКШ - Пакистан мамилеси жана Ооганстандагы кырдаал боюнча сүйлөшүү өткөрдү. Маккейн сапары учурундагы сүрөттөрдү Твиттерге жайгаштырды. Ал ошондой эле регионалдык коопсуздук маселеси боюнча Пакистан армиясынын башчысы Рахил Шариф менен “жакшы жолугушуу” болгонун жазды.

Региондогу жоочуларга каршы Пакистан армиясы 2014-жылдан бери операция өткөрүүдө. АКШ өз кезегинде дрондор аркылуу "аль-Каида" жана талиптердин жетекчилерине каршы чабуулдарды жүргүзүп келатат. Пакистан менен АКШнын мамилеси акыркы кезде дурус эмес. Кошмо Штаттарда Пакистан ооган талиптерин согушту токтотууга дурус түрткү бербей жатат деп айыптаса, Пакистан дрон аркылуу чабуулдарда жай тургундар өлгөнү жана эгемендүүлүгү бузулганы үчүн Вашингтонго нааразы. (AiT)

XS
SM
MD
LG