Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:49

Кыргызстан Бангладеш элине көңүл айтты


1-июлда Бангладештин борбору Дакка шаарында экстремисттер кафеге кол салып, 20 кишини өлтүрүшкөн.
1-июлда Бангладештин борбору Дакка шаарында экстремисттер кафеге кол салып, 20 кишини өлтүрүшкөн.

Кыргызстан 1-июлда Бангладештин борбору Даккада болгон террордук жардырууну айыптап, буга байланыштуу Бангладештин өкмөтүнө жана элине терең кайгыруу менен көңүл айтты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдады. Анда айтылгандай, кыргыз эли терроризм жана экстремизм менен күрөштү колдойт жана эл аралык коомчулукту 21-кылымдын илдети болгон “террорчулукка” каршы турууга үндөйт.

1-июлда Бангладештин борбору Дакка шаарында экстремисттер кафеге кол салып, 20 кишини өлтүрүшкөн. Алардын көбү чет элдик жарандар болгон. Атышуу учурунда эки полиция каза тапкан. Ишемби күнү күч түзүмдөрү жүргүзгөн операциянын жыйынтыгында барымтадагы 13 адам бошотулуп, 6 жоочу жок кылынган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG