Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:26

Күч түзүмдөрүндөгү айрым органдар кыскарат


Милиция.
Милиция.

Коргоо кеңешинин бүгүнкү отурумунда каралгандай, бул укук коргоо органдарынын жоопкерчилигин бөлүштүрүү, бири-бирин кайталаган органдарды жок кылуу үчүн ишке ашырылмакчы. ИИМдин экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмү кыскарат. Маңзаттарга каршы күрөшүү агенттиги жоюлат, алардын милдети ИИМге өткөрүлөт.

Прокуратурадан тергөө укугу алынып, УКМК жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына берилет. Ошол эле учурда прокуратура кылмыш ишин козгой алат жана мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл жүргүзөт, мекемелер аралык тергөөгө катыша алат. Бул тууралуу Коргоо кеңешинин төрагасы Темир Жумакадыров журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда, ИИМдин академиясы да Ички иштер министрлигинин карамагынан алынып, жалпы күч түзүмдөрүнө адис даярдоочу академияга айландырылат.

Бүгүн Коргоо кеңеши Кыргызстандын күч кызматтарын реформалоо боюнча маселени жабык карады. Ага президент Алмазбек Атамбаев катышты.(BkA;ZKo)

XS
SM
MD
LG