Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:24

5-июлга аба ырайы: жаан, тоо этектеринде сел жүрүшү мүмкүн


Дарыя.
Дарыя.

4-7 июлда болчу нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

5-июлда жалпы Кыргызстан боюнча мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүзү 22…27,

Таласта түнкүсүн 10…15, күндүзү 21…26 градус ысык болот.

Баткен облусунда түнкүсүн 11…16, күндүзү 24…29,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14…19, күндүзү 25…30 градус ысыйт.

Ысык-Көлдө түнкүсүн 9…14, күндүзү 18…23,

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүзү 18…23 градус жылуу болот.

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүзү 14…19, бийик тоолуу райондордо түндө 3…+2, күндүз 5…10 градус жылыйт.

5-июлда Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 - 9 метрден, 14 метрге чейин жетет. Абанын түнкү температурасы 15…17°, күндүзгү температурасы 23…25° жылуу болот.

Ысык-Көлдүн күңгөйүндө суунун температурасы 3-июлда күндүз 21°, 4-июлда эртең менен 21° жылуу болду.

XS
SM
MD
LG