Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:18

Жогорку окуу жайларынын окутуу акысы белгиленди


Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университети.
Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университети.

Кыргыз өкмөтү Жогорку окуу жайлардын окутуу акысынын эң төмөнкү көлөмүн аныктаган токтом кабыл алды. Билим берүү министрлигинен “Азаттыкка” маалымдашкандай, жогорку окуу жайлары ээлик формасына карабастан, окутуу акысын өкмөт бекиткен өлчөмдөн ашырбоого тийиш. Маалыматта айтылгандай, билим берүү, курулуш, экономика жана башкаруу, экология, туризм адистиги боюнча билим алуунун акысы бир студент үчүн 26 360 сомдон кем болбошу керек. Ал эми тоо-кен иштетүү өнөр жайы, транспорт, айыл чарба адистиктерине окутуу баасы - 28 996 сом; энергетика жаатындагы кесиптерге - 30 314 сом, компьютердик технология, телекоммуникация жана байланыш кесиптери үчүн окутуу акысы - 31 632 сом; жабдуу, технологиялык адистиктерге окутуу - 34 268 сом деп белгиленген.

Ал эми окутуу акысынын эң жогорку өлчөмү "саламаттыкты сактоо" адистиги боюнча белгиленген, бул адистикке окууну каалагандар быйылкы жылга 39 540 сом төлөшөт.

Искусство жана маданият тармагындагы адистиктер боюнча акы 26 360 сомдон кымбат болбошу керек.(ZKo)

XS
SM
MD
LG