Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:47

Европа Биримдигинин лидерлери Парижде чогулат


Балкан өлкөлөрүнүн лидерлери Парижде Европа Биримдигинин лидерлери менен сүйлөшөт. 4-июлдагы жыйынга Германия канцлери Ангела Меркел, Франция президенти Франсуа Олланд, Италия өкмөт башчысы Маттео Ренци жана Балкан лидерлери катышат.

Жыйында мигранттардын арасына экстремисттердин кошулуусун алдын алуу, Европа Биримдигинин келечегине байланыштуу маселелер талкууланат. Лидерлердин, финансы жана тышкы иштер министрлеринин катышуусундагы мындай жыйын Британия Европа Биримдигинен чыгуу жөнүндө референдум өткөргөндөн кийин биринчи жолу өтүүдө.

Европа Биримдигине мүчө боло элек Балкан өлкөлөрү Британиянын чыгуусунан кийин алардын биримдикке кирүүсү кыйындайт деп чочулоодо. Париж жыйынына Хорватия, Босния-Герцеговина, Косово, Сербия, Словения, Македония, Албания жана Австрия лидерлери катышууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG