НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергдин айтымында, 9-июлда Польшада боло турган НАТО саммитинен кийин альянс Орусия менен расмий сүйлөшүүлөр өткөрүүнү көздөөдө.
НАТО-Орусия Кеңеши апрель айында кездешкен. Ага чейин эки жыл боюнча Украина кризисине байланыштуу жолугушуу болбой калган.
“Орусия-НАТО Кеңеши диалог жүргүзүүдө маанилүү ролду ойнойт” деп билдирди Столтенберг.
Варшава саммитинде НАТО өлкөлөрү Польша жана Балтика өлкөлөрүндө кошумча аскердик күчтөрдү жайгаштыруу маселесин карашат. (AiT)