Кыргызстандын дүлөйлөр жана азиздер коомунун мүчөлөрү батир алуу маселесин чечип берүү талабы менен президент Алмазбек Атамбаевдин жолун торошот. Бул тууралуу жол тосууну уюштуруучулардын бири, алты бир тууганы майып Бактыгүл Смаева “Азаттык” радиосуна айтты. Алар дүлөйлөр жана азиздер коомунун жетекчилиги майыптарга аталган батирлерди жең ичинен тааныш-билиштерге өткөрүп, чыныгы муктаждар бир топ жылдан бери үй ала албай келатканын белгилешүүдө.
Нааразы тарап 6-июлда Бишкектин Чыңгыз Айтматов көчөсүндө, “Ак кеме” мейманканасынын тушунда акция уюштуруп, резиденциядан Ак үйгө жумушка келаткан мамлекет башчыга арызданышмакчы.
Ал эми дүлөйлөр жана азиздер коомунун жетекчилиги майыптардын дооматы негизсиз экенин белгилеп келет. (SE)