Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:04

Иракта ирандык диссиденттердин лагери аткыланды


Ирак.
Ирак.

Багдаддагы аэропортко жакын жайгашкан ирандык диссиденттердин лагери аткылоого тушукту. Андан бир канча адам жарат алганын жергиликтүү булактар кабарлады. Лагерде оппозициялык Иран элинин жоочулары уюмунун өкүлдөрү башпаанек табышкан. Багдад шаар жетекчилиги билдиргендей, жакын арада башка мамлекетке көчүүгө камынып жаткан ирандык оппозиционерлерге жүк машинесинен 20га чукул ракета атылган. Кол салуудан Ирактын жергиликтүү тургундары да жабыркаганы айтылууда.

Ирандык диссиденттер 1980-жылдары Ирак жана Иран ортосундагы согушта Ирак президенти Саддам Хусейнге тилектеш болушкан. Бирок Саддам Хусейн бийликтен кулаган 2003-жылдан бери чабуулдарга кабылып келишет. Былтыр октябрдагы кол салууларда 26 киши набыт болгон. Ирактыктар аларды Тегеран өкмөтү менен катышы бар согушкерлер менен тилектеш деп күнөөлөп келишет.

XS
SM
MD
LG