Бишкек шаарынын Жеңиш аянтында окулган Айт намазына болжол менен он миңдей адам келди. Бул тууралуу намазды көзөмөлдөп турган күч органдарынын өкүлдөрү кабарчыбызга билдиришти. Эртең менен жамгыр жаап, намаз башталган кезде жаан токтоду. Ибадатты аткарууга өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, калаа мэри Албек Ибраимов жетектеген бийлик өкүлдөрү, муфтий Максатбек ажы Токтомушев катышты. Президенттин куттуктоосун премьер-министр элге окуп берди.
Жеңиш аянтындагы Айт намаз

1
Айт намазы саат 7:30да башталды. Бишкектеги Эски аянтта оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткандыктан бул ирет намаз Жеңиш аянты тарапта окулду.

2
Рамазан айы аяктап, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 5-июлду Орозо айт майрамы деп жарыялаган.

3

4

5
Эртең менен жамгыр жаап, намаз башталган кезде жаан токтоду.

6

7

8

9

10
Ибадатты аткарууга өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, калаа мэри Албек Ибраимов жетектеген бийлик өкүлдөрү, муфтий Максатбек ажы Токтомушев катышты.

11

12

13

14

15

16

17

18

19

20