Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:08

Бишкекте кымыз майрамы белгиленет


Кымыз.
Кымыз.

Улуттук суусундукту даңазалоого арналган иш-чара 8-июлда болот. Ага өлкөбүздүн жети дубанынан өкүлдөр катышары күтүлүүдө. Кымыз майрамын "Кыргыз ынтымагы" коомдук уюму уюштурууда.

Кымыз майрамы буга чейин айрым облустарда белгиленип келе жаткан. Кыргыздар илгертен жайдын толук күндөрү Үлүш майрамын белгилешкен. Бул жайлоонун жайкы майрамы деп аталган. Эл жайлоого толук жайланышып, кымыз бышылып күүсүнө келип, мал жетилип жан сергип, көңүл өскөн маалда кыргыздар жайлоонун жайкы майрамы - Үлүштү белгилешкен.

Анда көк шиберге дасторкон жайылып, үстүнө дүр-дүнүйө тамак коюлуп, тамтуң баскан баладан баштап абышка, кемпирге чейин жасанып майрамдык шаң орногон. Мындан улам эл арасында:

Үлүш берем, той берем,

Тамашаны чоң берем,

Үлүш болот жайында,

Кой, жылкылар айылда,

-деп айтылып келген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG