Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму Сириядагы оппозициячыл топторду адам уурдоо, кыйноо жана өлтүрүү фактылары боюнча айыптап чыкты.
Уюм 5-июлда брифинг өткөрүп, анда Алеппо жана Идлиб провинцияларында 2012 - 2016-жылдар аралыгында куралчан топтор тарабынан 24 ирет адам уурдоо катталганын билдирди.
Андан жабыркагандар активисттер, балдар, күрт улутундагылар, христиан дининдегилер жана азчылык өкүлдөрү болушкан.
- Сириядагы Эл аралык колдоо тобуна кирип, сүйлөшүүлөргө катышып келген АКШ, Катар, Түркия жана Сауд Арабиясы сыяктуу өлкөлөр ал куралдуу топторго басым көрсөтүп, зомбулукту токтотуп, согуш мыйзамдарын сактагыдай кылышы керек. Ошондой эле аскер кылмыштарына жана башка одоно укук бузууга шектелген топторго курал жеткирип, башка жардам көрсөтүүнү токтотуу керек, - деди Amnesty International уюмунун Жакынкы Чыгыш боюнча программасынын директору Филип Лютер.
Укук коргоочулар куралдуу оппозиция көзөмөлдөгөн аймактарда эл аралык гуманитардык укуктарды (согуш мыйзамдарын) бузганы тууралуу далилдерге карабастан, ал топтордун айрымдарын АКШ, Сауд Арабиясы, Катар жана Түркия колдойт деп шектенет.
Уюм "Нур ад-Дин Занки" кыймылын, "Левант фронтун", "16-дивизияны" жана "Ахрар аль-Шам" топторун зомбулук жасап келген деп эсептейт. Ал эми АКШда жайгашкан Согуштуу иликтөө институту булардын алгачкы үчөө буга чейин, ушу азыр да АКШдан жардам аларын билдирди.