Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:47

Орусия Тажикстанга карамайын бажы алымы жок сатат


Орусиялык мунай компаниясы.
Орусиялык мунай компаниясы.

Эки өлкө келишимине ылайык, 2016-жылы Орусиядан Тажикстанда пайдалануу үчүн алынган мунай өндүрүмдөрүнөн бажы алымдары алынбайт.

Бул аралыкта Тажикстанга ташылат делген бензин баштаган бир нече мунай азыктарынын жалпы көлөмү 830 миң тонна деп эсептелүүдө. Алынган товарды үчүнчү өлкөгө сатууга тыюу салынган.

Тажикстан Орусия менен мунай боюнча келишимге 2013-жылдын февралында жетишкен. Бирок, келишимди ратификациялоо тууралуу федералдык мыйзамга Орусия президенти өткөн жумада кол койгон.

Андан бери келишим чектелүү убактарда колдонулуп келген.

Башка убактарда Тажикстанга кирген орусиялык мунайдын 1 тоннасынан 400 доллардын тегерегинде бажы алымы алынган. Бул өлкөдө күйүүчү майдын кымбаттоосуна алып келип, тажикстандыктар аны Кыргызстандан аткезчилик жол менен ташып турушкан.

XS
SM
MD
LG