Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:55

Министр майып бала жасаган сувенирди сатып алды


Кудайберген Базарбаев
Кудайберген Базарбаев

Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев 5-июлда 12 жаштагы Тилек Алтымышевдин үйүнө барды.

Министр баланын абалы менен таанышып, Тилек өз колу менен балмуздактын таякчаларынан жасаган мечитти 7 миң сомго сатып алды. Ал балага сувенир жасоого керектүү таякча, желим жана башка тетиктерди алып барды. Мындан тышкары жылуу кийим-кече, азык-түлүк берди. Кудайберген Базарбаев Тилектин тагдырга багынбай, кол өнөрчүлүк кылып отурганын баалап, ага ийгилик каалады. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” маалымдашты.

12 жаштагы Тилек Алтымышевдин атасы да 2-топтогу майып. Тилектин ата-энеси беш жыл мурда ажырашып кетишкен, Тилек эки эжеси менен чогуу атасынын колунда калган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG