Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:37

Ирактын ички иштер министри кызматтан кеткенин билдирди


Мохаммед Габбан
Мохаммед Габбан

Ирактын ички иштер министри Мохаммед Габбан кызматтан кетүү боюнча премьер-министрге арыз жазганын билдирди. Багдаддагы акыркы теракттан кийин ал ушундай чечимге келгенин билдирди.

Иракта терактка байланыштуу үч күн аза күтүү жарыяланган.

Министр Габбан жарылма зат толтурулган автоунаа Багдаддын түндүк ыптасындагы Дияла провинциясынан келгенин, мындан улам Багдадга коюлган көзөмөл-өткөрүү пункттары “таптакыр пайдасыз” экенин белгиледи.

3-июлда Багдаддын соода аймагында жарылма зат шыкалган жүк унаасы жарылган. Андан 200гө жакын адам набыт болгон. Араларында балдар жана аялдар көп. Алар Орозо бүткөнүнө байланыштуу Айтка карата базарлап жүрүшкөн болчу.

Жардырууну “Ислам мамлекети” террористтик тобу моюнга алып, жардырууну жанкечти ишке ашырганын билдирген.

XS
SM
MD
LG