Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:14

Араб Эмирлигиндеги кыргызстандыктар элчиге нааразы болушууда


Дубай.
Дубай.

Бириккен Араб Эмирлигинде иштеп, жашап жатышкан кыргызстандыктар аталган өлкөдөгү кыргыз элчиси Чыңгыз Эшимбековго нааразы болуп, президентке, Жогорку Кеңештин спикерине жана өкмөт башчыга ачык кат жолдошту.

Эмирликтеги кыргызстандыктар “Азаттык” радиосуна билдиришкендей, катта элчи 8 айдан бери кызматта отурганы менен ал жактагы мекендештердин абалына кызыкпай, кайрылууларга жооп бербей келатканы айтылат.

-Биз элчиликке юридикалык, моралдык же укуктук жардам сурап кайрыла албайбыз. Бизде андай мүмкүнчүлүк жок. Элчиликтин эшиги дайыма жабык. Баргандарга эшик ачылбайт, - деп жазылат кайрылууда.

Бийликтен бул маселени чечүүгө үмүт арткан кыргызстандыктар Бириккен Араб Эмирлигине жарандар менен иштешүүгө жөндөмдүү адамды элчи кылып жөнөтүүнү суранышкан. Азырынча элчинин өзү же Тышкы иштер министрлиги бул боюнча комментарий бере элек.

Чыңгыз Эшимбеков элчи болуп 2015-жылдын 8-декабрында дайындалган. (SE)

XS
SM
MD
LG