Парламенттеги КСДП фракциясынан депутат Мээрбек Мискенбаев “Кыргызкөмүр” ишканасындагы жемкордукту иликтөөнү талап кылып жатканын “Азаттык” радиосуна билдирди:
-Жакында Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргызкөмүрдүн» мурунку жетекчилери 35 миллион сомго жакын акчаны өз кызыкчылыктары үчүн пайдаланганын, иштен четтетилсе да орундарын бошотпой отургандарын айтып чыккам. Ошондон кийин алар мага кара пиар уюштурууда.
Депутат эски жетекчиликти жумушчуларды колдонуу менен митингдерди, иш таштоолорду уюштуруп жатат деп сындады. Анын айтымында, «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Канат Ашырбаев 2010-жылдагы апрель окуяларына катышпай эле, жасалма документтер менен “революция баатыры” наамын алган. Мискенбаев мурда соттолгон Аят Сансызбаев азыркыга чейин «Кара-Кече» кенинин башчысынын орун басары кызматын аркалап жатканы мыйзамга туура келбей турганын жана бул маселе иликтениши керектигин айтууда.
Буга чейин аталган ишкананын жетекчиси Мирлан Жакыпов менен анын орун басары Канат Ашырбаев алешемдиктерге байланыштуу кызматтан четтетилген. Азыр алардын үстүнөн сот уланууда. Алардын адвокаттары Мискенбаевдин айткандарын четке кагып, сотко кайрыла тургандыктарын билдиришүүдө.