Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:19

Бишкекте майыптар президенттин жолун тосууга камынышууда


Кыргызстандын дүлөйлөр жана азиздер коомунун мүчөлөрү батир алуу маселесин чечип берүү талабы менен бүгүн президент Алмазбек Атамбаевдин жолун тосууга камынып жатышат. Уюштуруучулар аталган коомдун жетекчилиги майыптарга салынган батирлерди жең ичинен тааныш-билиштерге өткөрүп, чыныгы муктаждар бир топ жылдан бери үй ала албай келатканын белгилешүүдө.

Нааразы тарап Чыңгыз Айтматов көчөсүндө, “Ак кеме” мейманканасынын тушунда акция уюштуруп, резиденциядан Ак үйгө жумушка келаткан мамлекет башчыга арызданышмакчы.

Ал эми дүлөйлөр жана азиздер коомунун жетекчилиги майыптардын дооматы негизсиз экенин белгилеп келет. (SE)

XS
SM
MD
LG