Эки ай мурун Жер Ортолук деңизине кулаган EgyptAir учагынын учкучтары кыйроо алдында борттогу өрт менен күрөшкөнүн иликтөөчүлөр маалымдашты. Алдын ала жыйынтыктарга караганда, учак кулар алдында борт ичи түтүнгө толгон. Лайнердин сыныктарында да жогорку температурадагы жалындын издери табылган. Ошентсе да азырынча учак кыйроосунун так себептери аныктала элек.
66 адам менен Парижден Каирге жол алган учак 19-май күнү кыйрап, борттогулардын баары каза тапкан. Экипаждан кырсык тууралуу сигнал берилген эмес.