Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча, мындан ары жарандар салыктарды “РСК банкынын” банкоматтары жана терминалдары аркылуу төлөй алышат. Анын ичинде жер салыгын, кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк салыктарын, анын ичинде автоунаа салыгын, ошондой эле патенттин негизинде төлөнүүчү салыктар бар.
Бул үчүн салык төлөөчү өзүнүн идентификациялык номерин, мүлк объектиси же ишмердиги катталган ордун, автотранспорт каражатынын номерин жана төлөнүүчү салыктын суммасын билүүгө тийиш. Салык төлөнгөндөн кийин чыгарылып берилген чекти сактап коюу зарыл.
Мамлекеттик салык кызматы салыктарды мындай жол менен төлөө жарандар үчүн ыңгайлуулугун, ошол эле учурда коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын аларын белгилейт.(ZKo)