Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:43

Кытайга чыгарылып бараткан алтын куймалары алынды


Алтын куймалары. Иллюстративдик сүрөт.
Алтын куймалары. Иллюстративдик сүрөт.

Куймаларды Бишкек-Үрүмчү багытындагы учактын жүргүнчүсү өлкөдөн алып чыгууга аракеттенип жаткан жеринен кармалган. Мамлекеттик бажы кызматынын аткезчиликке каршы күрөшүү кызматы “Манас” аэропортунун коопсуздук кызматы менен кошо кытай жаранынын кол жүгүнөн мыйзамсыз чыгарылып бараткан алтын куймаларын алышкан. Куймалар 950-пробадагы, жалпы салмагы 115,31 грамм болгон. Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматы боюнча, кытай жаранында алтын куймаларды Кыргызстандан алып чыгууга уруксат берилген эч кандай документтер болгон эмес.

Баалуу металлдар менен иштөө департаментинин экспертизасы боюнча алынган куймалардын баасы 297 933 сомго бааланган.

Бул окуя боюнча Мамлекеттик бажы кызматынын тергөө бөлүмү иликтөө жүргүзүп жатканын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.(ZKo)

XS
SM
MD
LG