Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:26

Сирия армиясы бир тараптуу ок атышпоо режимин киргизди


72 сааттык ок атышпоо режими бир тараптуу киргизилди.
72 сааттык ок атышпоо режими бир тараптуу киргизилди.

Сирия армиясы ыйык Орозо айынын аякташынын урматына өлкө аймагында 72 саатык ок атышпоо режимин киргизди. Маалым болгондой бир тараптуу ок атышпоо режими жергиликтүү убакыт боюнча саат 13.00до киргизилди.

Азырынча өкмөттүк күчтөрдүн бир тараптуу кабыл алган чечимине козголоңчу топтордун бири да комментарий бере элек.

Сирияда 27-февралдан тарта Орусия жана АКШ ортомчулугу менен киргизилген ок атышпоо боюнча макулдушуу күчүнө кирген. Ошентсе да жаңжалга катышкан тараптар, Орусия менен АКШ дагы бул келишим утур-утур бузулуп жатканын билдирип келишет. Келишимдин шарттары “Ислам мамлекети” сыяктуу экстремисттик топторго эч тиешеси жок.

Сириядагы жарандык согуш башталганы 250 миң адам өлүп, 11 миллиондон ашык адам үй-жайын таштап сыртка чыгып кетүүгө мажбур болду.

XS
SM
MD
LG