Украинанын баш калаасы Киевде коммуналдык төлөмдөргө болгон баалардын көтөрүлүшүнө каршы жалпы украиналык жүрүш өтүп жатат.
Бир нече миң киши Украинанын ар кайсы аймактарынан келип, шаардын борбордук көчөлөрүн тороп, Жогорку Раданын имаратын көздөй багыт алышты. Бул тууралуу 112.ua. телеканалы кабарлады.
Нааразылык жүрүшүнө чыккандар, коммуналдык төлөмдөргө болгон тарифтердин арзандашын, төмөнкү аялык-маянаны 3067 гривенге же 150 долларга чейин көтөрүлүшүн талап кылышууда.
1-майдан тарта Украинада газга, ысык сууга жана жылуулукка болгон баа эки эсе көтөрүлгөн.